Рузахунов өзүн кыйноого алган казакстандык 10дон ашык күч кызматкерин тааныганын айтты

Кыргызстандык жазмен Викрам Рузахунов 2022-жылдын январь айында Казакстанда болгон башаламандыктар учурунда кармалгандарды кыйноого алган күч органынын 10дон ашык кызматкерин сүрөттөн көрүп, тааныганын билдирди.

Рузахунов ал кызматкерлер азыркыга дейре Алматы облустук полициясында жоопту кызматтарда ишетеп жатканын белгиледи.

«348 кишинин ичинен 10дон ашык адамды тааныдым. Бул жакка келип сапарыбыздын кандай кооптуу экенин аягына чейин аңдай албаптырбыз, себеби, мен тааныган кызматкерлер азыркыга чейин жооптуу кызматтарды аркалайт экен. Эми алар менен беттешүү үчүн көзмө-көз жолугушубуз керек», — деди ал.

Сүрөт Викрам Рузахуновдун фейсбук барагынан алынды.

Кыргызстандык музыкант Казакстанга барганден бери тергөөчүлөр күн сайын, эртеден кечке тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, иштин жагдайлары боюнча беш сааттан ашык сурак берген.

«Алматы облусунда болгон эки күндүн ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана укук коргоочулар Бакытбек Автандил, Елена Жигалёнок, Рена Керимовалардын биргелешкен аракети менен бир топ иштер аткарылды», — деди ал.

Ошондой эле Рузахунов Алматы облустук полициясынын кызматкерлери менен окуя болгон жерге барып, кылмыштын кандай жасалганын деталдуу сүрөттөп бергенин кошумчалады.

26-сентябрда Рузахунов 2022-жылдын январь айында Казакстанда болгон башаламандыктар учурундагы кыйноолор боюнча тергөөгө катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кеткен болчу.

Рузахуновдун кармалышы

Викрам Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. 9-январь күнү эфирден токмок жеген адамды көрсөтүшүп, ал өзүн жумушсуз кыргызстандыкмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген.

Кыргызстандагылар аны таанып калып, ал белгилүү музыкант Рузахунов экенин айтып чыгышкан соң 10-январь күнү мекенине кайтарылган.

Бир айдан кийин музыкант кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргаларын сындырып, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

«Жөн жерден эле кармалган жүздөгөн адамдын арасынан мени тандап, сөздөрдү жаттатып, камерага айтууга мажбурлаган адамга рахмат айтам», — деп белгилеген ал.

Үстүбүздөгү жылдын 2-январда Казакстанда нааразылыктар башталган. Алгач тургундар экономикалык талаптарды коюп, кийин саясий талапка айланган. Нааразы болгондор бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 9-январга карата массалык башаламандыктарга катыштыгы бар делген шек менен 5 135 киши кармалган. Күч органдары жалпысынан 125 кылмыш ишин козгогонун айтышкан.

Тема боюнча:

Музыкант Викрам Рузахунов тергөөгө катышуу үчүн Казакстанга барды