Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан кетти

Эркинбек Осоев

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 3-октябрда президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Осоев кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз берген. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Тилек Текебаев дайындалды.

Осоев кызматка 2021-жылы минкабдын жаңы курамында келген. 19-августта президент Садыр Жапаров берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн Осоевге сөгүш жарыялаган.