«Маалымат — жашыруун». Ташиев Кемпир-Абад боюнча отурум жабык өтөрүн билдирди

Парламенттин 10-октябрдагы кезексиз сессиясынын биринчи бөлүгү ачык, экинчи бөлүгү жабык режимде өтөт. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жыйынды ачык өткөрүүнү тапшырганына карабастан, катышуучуларга телефон жана башка жаздыруучу аппараттарды алып келүүгө тыюу салынды.

Ташиевдин айтымында, жыйындын биринчи жарымында депутаттар Өзбекстан менен болгон чек аранын айрым тилкелери боюнча келишимдин долбоору тууралуу макулдашат.

Бирок жыйындын экинчи жарымында эл өкүлдөрүнө «жашыруун» документтер жана карталар көрсөтүлөт.

«Кол коюлганга чейин алардын баарын ачыктаганга укугубуз жок», — деп баса белгиледи Ташиев.

Ал эртең менен президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн кошумчалап, «жашыруун» документтер көрсөтүлүп жаткан учурда камерага тартууга тыюу салынарын макулдашканын айтты.

Ташиев журналисттердин жана башка жарандардын «жашыруун» документтерге «жеткилиги» жок деп билдирди.

Келишимдин долбоорун талкуулоо процессин тартууга уруксат берилген жалгыз камера УКМКга тиешелүү камера экенин кошумчалап, ал баарын жазып, документтештирүү үчүн керек экенин белгиледи.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр

26-сентябрда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары айрым тилкелери боюнча жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берүүчү протоколго кол коюшту. Бирок бийлик протоколдун мазмунун жарыялаган эмес.

29-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда 300 жакын жергиликтүү тургун чоугулуп митинг өткөрүшкөн. Маалыматка караганда, тургундар «суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал» деп кооптонуп, эки тараптуу акыркы келишимдерди ачыктоону талап кылышкан.

4-октябрда, Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абад маселеси боюнча президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өткөн. Бирок ага көпчүлүк тургундар киргизилген эмес — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүшкөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, анда талаштуу жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Анын айтымында, буга чейин «Кемпир-Абад» толугу менен өзбек тараптын карамагында болчу. Бирок бүгүнкү келишимдер боюнча Кыргызстан дагы, Өзбекстан дагы плотинаны бирдей башкарат.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1170 км же 85% сүрөттөлгөн. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар.