Сокулукта чоң энесин өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Сокулукта милиция чоң энесин өлтүрүүгө шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, 19-октябрь күнү денесинен оор жаракат алып райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 70 жаштагы жаран келип түшкөн. Бирок жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай жан берген.

Милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

«Бул кылмышты жасаган адам аныкталды. Ал маркумдун 22 жаштагы небереси болуп чыккан. Кылмыш ичкиликтин айынан, чоң апасы небересин ичкилик ичесин деп урушканынан болгондугу аныкталды», — деп билдирди ОИИБден.

Милициянын маалыматына ылайык, тергөө иштери уланып жатат.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көп катталып жатат.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.