Ошто мектептин мугалими сабалганы айтылды, милиция ишти териштирүүдө

Ош шаарындагы Барпы Алыкулов мектебинин мугалими сабалганын билдирип милицияга арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 25-октябрда болгон. Мугалим милицияга арыз менен кайрылып, аны окуучу кыздын атасы мектептин короосунда сабап кеткенин билдирген.

Ош ШИИБи аталган ишти маалыматтардын электрондук журналына каттап, териштирүүнү баштады. Ошондой эле мугалимге экспертиза дайындалды.

Учурда тараптар суракка алынып, экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатат.