«Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко орус аскерлерин колдоп ырдады

Кыргызстандан чыккан «Город 312» тобунун солистти Светлана Назаренко Украинага кол салууну колдогон орусиялык артисттер менен бирге «Встанем» ырын ырдады. Бул ыр Орусиянын улуттук биримдик күнүн утурлай чыкты. Анда орус аскерлеринин жеңишин даңазалаган салтанаттуу иш-чалар өттү. Клип орусиялык ырчы Ярослав Дроновдун (SHAMAN) YouTube-каналына жарыяланды.

Видео Украинанын Донецк облусунда орнотулган Саур-Күмбөз мемориалынан башталат. Бул комплекс Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курулуп, 2014-жылы орус аскерлери демилгелеген салгылашта бузулган. Мемориалды 2022-жылы орус аскерлери кайра калыбына келтиришкен, ачылуу аземи 8-сентябрда өткөн. Донецк облусу орус аскерлеринин көзөмөлүндө. Мемориал видеодогу борбордук композицияга айланган — клипте түрдүү ракурстан көп жолу көрсөтүлөт.

Донецк облусундагы Саур-Күмбөз, клиптен скриншот.

Андан ары видео бронотехника жана башка аскердик транспорт менен кайдадыр кетип бара жаткан патриоттук эпизоддор менен алмашат. Ошол эле кезде ар бир артист ырдын белгилүү бир саптарын ырдайт.

«Теңир биз менен, чындык биз менен болгон кезде өйдө туралы», — деп ырдады Светлана Назаренко өз сабын. Курман болгондорду түбөлүк эсте сактоо тууралуу саптарда кадрда Донецктеги Периштелер аллеясынын мемориалы көрсөтүлөт. Ал 2014-жылы Донецктеги согуштук аракеттерде каза болгон балдарга арналган.

Донецктеги мемориал, клиптен скриншот.

Бул мемориал жана аны эске салган кадрлар пропагандада, ошондой эле 2022-жылдын февралында Украинага кол салууну колдогондор тарабынан колдонулган.

Мемориал украин бийлиги «Данбасстагы жай тургундарды жок кылган» деген манипуляцияларда колдонулган. Орусиянын президенти Владимир Путин орус аскерлеринин Украинага бастырып киришин: «сегиз жылдан бери киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон элди коргоо» деп негиздеген. Ошол эле кезде, ЕККУнун туруктуу комиссиясынын 2014-жылдан бери Украинадагы согушка байкоо салган баяндамаларында, украин бийлиги тарабынан жарандардын системалуу түрдө өлтүрүшү боюнча эч кандай далил жок.

Андан ары клипте аялдар жана балдар жоокерлер менен коштошуп, ошондой эле аларды көптөн кийин тосуп чыккан кубанычтуу учурлардын эпизоддору бар.

«Өйдө турабыз! Көкүрөгүбүздө түбөлүк эскерүүнүн добушу катуу согот», — деп ырдайт Назаренко.

Ошондон кийин кадрда Z жана V символдору бар танктар пайда болот жана аны «Өйдө турабыз! Орусиянын Баатырлары биздин жүрөгүбүздө түбөлүк калат» деген ыр саптары коштойт.

Z тамгалуу танк, клиптен скриншот.

Z тамгасы 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан кийин аскердик символ болуп калган. Орусиянун куралдуу күчтөрү өзүнүн аскердик техникасын Z жана V тамгалары менен белгилеген.

Ошол эле маалда, Орусиянын Коргоо министрлиги бул тамгалар расмий аскердик символдор эмес деп эскерткен. Ошого карабастан бул символдорду мамлекеттик пропагандада кеңири колдонуп, иш чараларда көрсөтүп жатышат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын март айында «Лужников» комплексиндеги концертте. Видеодон скриншот.

Айрыкча Z тамгасы популярдуу. Символду көбүнчө фашисттик Германия (Үчүнчү Рейх) колдонгон белгиге салыштырып жүрүшөт.

Клиптин соңунда согуштук аракеттердеги кадрлар пайда болуп артисттер «Биз турабыз!» деген сапты хор менен бир нече жолу ырдайт. Андан кийин баары орус желегинин алдына тизилип, патриоттук ыр жыйынтыкталат.

Эки күндө клипти 2,4 млн жолу көрүшкөн. Ырдын автору Дронов YouTube’дагы комментарийлердин астына «Орусиянын улуттук суверендүүлүгүнө көп жолу коркунуч жаралып, чачыроонун жана жок болуунун алдында турган» деп жазган.

«Ар дайым элибиздин кайраты, баатырдыгы, жан аябаган күрөшүнүн натыйжасында жашоого, бар болууга болгон укугубузду коргоп келгенбиз. Өлкөнүн тарыхын билген ар бир адам ар дайым ушундай болуп келгенин жакшы билет. Биздин мейкин талаалар ар качан кимдир бирөөлөргө тынчтык бербей келген», — деп жазды ал.

Назаренко эмне деди?

Назаренко катышкан клип чыккандан кийин Айбек Барат аттуу Фейсбук колдонуучусу клиптен скриншот бөлүшүп, мынтип жазды: «Светлана Назаренко сыныптыр. Башкасын тапкыла». Бараттын постуна Назаренкону сындаган көптөгөн комментарийлер жазылды.

Светлана Назаренко өз кезегинде, комментарийде Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок 20 жылдан ашык убакыттан бери Москвада жашап, иштеп жатканын айтып жооп жазган. Анын айтымында, Орусия ага жана ал жактагы кыргызстандыктарга ар дайым жардам берген жана жардам берип келет. Анын пикиринде, анын аракеттерине нааразы болгондор «тынчтыкты артка жылдырып жатышат жана бул бириккен Батышка керек».

«Мен Орусия тууралуу жаман айтканга жол бербейм. Эч кимге! Мекеним — Кыргызстан тууралуу дагы! Баса, мен дагы башка адамдардай эле тез арада тынчтык орношун каалайм [...] Кыргызстан менен Орусияны Америкага алмаштыргандар мени таптакыр кызыктырбайт. Мына ушундай!» — деп жазды Назаренко.

«Город 312» тобу Орусияны колдоп биринчи жолу сценада ырдап жаткан жок. 18-мартта Уфа шаарында өткөн согушту жана Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоо концертине да катышкан. Топтун солисти Светлана Назаренко анда сындарга Фейсбук барагында мындай деп жооп берген: «Менин ата-тегим украиндер, болгону өз ишимди кылууга аракет кылып жатам».

Украинадагы согуш

Орусия дээрлик 8 айдан бери Украина менен согушуп жатат. Орус армиясы ал жакка 24-февралда Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында кол салган.

БУУнун 31-октябрга карата маалыматына ылайык, согуштан улам Украинада 6 430 жай тургун каза тапты. Дагы дээрлик 10 миң киши жарадар болду. Бирок уюмдан бул жыйынтыктоочу сандар эместигин, курмандыктар мындан да көп болушу мүмкүндүгүн белгилешти. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.

Украинага кол салуудан кийин Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Бул Орусияны санкция астында калган алдыңкы өлкө кылды.

Ошол эле кезде кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде орток позицияны карманарын бир канча жолу билдирген.