Метеобайкоонун тарыхында соңку сегиз жыл өтө жылуу болгону байкалууда. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун* глобалдык климаттын 2022-жылга карата абалы боюнча докладында айтылат. Авторлор климат парник газдарынан улам өзгөрүп жатканын белгилешет.
*ДМУнун глобадык климаттын абалы тууралуу доклады ар жыл сайын чыгат. Ал негизги климаттык көрсөткүчтөргө, чукул окуялар жана алардын кесепттери жөнүндөгү отчётторду колдонуу менен климаттын азыркы абалы тууралуу маалыматтарды берет. Бул доклад болжолдуу гана, анын акыркы варианты 2023-жылдын апрелинде жарыяланат.
Катуу ысык, кургакчылык жана кыйратуучу суу ташкындары миллиондогон адамдарга таасирин тийгизип, 2022-жылы миллиардаган жоготууларга алып келди.
«Климаттын өзгөрүшүнүн ачык белгилери жана кесепеттери өтө курч болуп баратат. Деңиздин деңгээли 2022-жылы кайрадан көтөрүлүп, Европанын Альпы тоолорундагы мөңгүлөргө катуу сокку урду: бул рекорддук эрүүнүн алгачкы белгилери болуп калды», — деп айтылат докладда.
«Күндүн ысышы канчалык жогору болсо, анын кесепети ошончолук катуу болот. Азыр биздеги атмосферада көмүр кычкыл газынын деңгээли жогору. Көптөгөн мөңгүлөр артка кайтпай турган чектен өтүп кеткен жана эрүү жүздөгөн, миңдеген жылдар боюу уланып, суу коопсуздугу үчүн олуттуу кесепеттерди өзүнө камтыйт», — деп белгилешти алар.
Көмүр кычкыл газы, метан, суу буусу жана башка атмосферадагы парник газдары күндөн жылыган Жердин муздашын жайлатат, жыйынтыгында бул климатка таасирин тийгизет. Атмосферадагы көмүр кычкыл газынын негизги булагы адамдын ишмердиги — казылып алынган отундун күйүшү, биомассанын күйүшү, анын ичинде токойлор, өндүрүштүн көмүр кычкыл газын таштоосу — мисалы цемент өндүрүүдө.
Жерде атмосфераны эң көп булгаган — АКШ, андан кийин Кытай жана Орусия деп эсептелинет. Анткен менен айрым окумуштуулардын бир бөлүгү — мисалы Арабаев атындагы КМУнун экология жана туризм кафедрасынын профессору Кайрат Молдошев — глобалдык жылуулуктун негизги себеби күндүн активдүүлүгүнүн циклдик жогорулоосу деп эсептейт.
Докладдагы негизги фактылар
Докладда парник газдарынын негизги концентрациясы — көмүр кычкыл газы, метан жана азот кычкылы — 2021-жылы кайрадан рекорддук деңгээлге жеткени айтылат. Ал эми европалык Альпы тоолорунда 2022-жылы мөңгүлөрдүн эрүүсү рекордду көрсөттү. Альпы тоолорунун бардык аймагы боюнча орточо 3төн 4 метрден ашыкка чейинки калыңдыгы жоголду, бул буга чейинки 2003-жылдагы рекордго караганда алда канча чоң.
«Швейцарияда 2021-жылдан 2022-жылга чейин алгачкы өлчөөлөр боюнча мөңгү муздарынын 6% көлөмү жоголгон. Тарыхта биринчи жолу эң бийик өлчөө чекиттеринде да кар жайында сакталган жок жана ошондуктан жаңы муз катмары пайда болгон эмес. Ал эми деңиз деңгээлинин 1993-2002 жана 2013-2022-жылдардагы орточо көтөрүлүү темпи эки эсе өскөн. Мындай ылдамдык муздардын эриши менен байланыштуу», — дешти метеорологдор.
Метеорологдор океандын жылышы акыркы эки он жылдыкта өтө жогору болуп жатканын жана келечекте мындай жылуулук дагы да уланаарын белгилешет. Ошондой эле, докладдагы маалыматка ылайык, экстремалдуу аба-ырайы болоору байкалууда.
«Чыгыш Африкада төрт жолу арты-артынан келген жаан-чачындуу мезгилде жаандын саны ортодон төмөн болду жана бул мезгил да кургак болот деген белгилер бар. Июль жана август айларындагы рекорддук жаан Пакистанда чоң суу ташкынын пайда кылды. Суу ташкыны март жана апрелдеги катуу ысыктан кийин болгон. Ал эми Европанын көпчүлүк бөлүгү бир канча жылдардан бери кайталанып келген ысыктан кыйналган», — деп айтышты метеорологдор.
Алардын маалыматына ылайык, Улуу Британияда 19-июлда абанын температурасы 40 градустан ашып, жаңы рекорд койгон.
Метеорологдордун айтымында, бул узакка созулган жана кыйратуучу кургакчылык, токойлордун күйүшү менен коштолуп, Европанын дарыяларында, анын ичинде рейн Луара жана Дунай дарыяларында суунун деңгээли өтө төмөн түшүп кеткен.
Кыргызстанда да мөңүлөр эрип жатат. Республиканын Суу ресурстары кызматы профессор Кайрат Молдошевге таянып, 8-июлда Ысык-Көл облусунун тоолорундагы Жууку ашуусунда мөңгү кулап түшкөнүн эскертти. Ошол эле учурда советтик мониторинг жүргүзүү системасынын кыйрашынан улам, адистер аны алдын ала айта алышкан эмес. Ушундай эле окуя 2000-жылы Бишкектин алдындагы Кашка-Суу тилкесинде болгон. Эриген мөңгүлөрдөн пайда болгон сел студенттерди каптап кеткен.
Молдошев Кыргызстандын башка аймактарында деле ушундай эле көрүнүш — абанын температурасы көтөрүлүп, мөңгүлөр эрип, кулап түшкөн учурлар көп болуп жатканын эскертип, ага даяр болууга чакырат. Профессордун айтымында, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эрип жатканы боюнча маселе акыркы 10-15 жылдан бери турат.
Молдошевдин айтымында, буга бир гана парник газдары эмес, күндүн активдүүлүгүнүн циклдик жогорулоосу да себеп болуп жатат. Антропогендик факторлордун ичинен Тянь-Шан мөңгүлөрүнүн эриши коңшу Өзбекстанда кургап калган Арал деңизинин түбүнөн шамал аркылуу согулган туздар таасир этет. Бул деңиз совет мизгилинде Амударья менен Сырдарья дарыясын талааларга активдүү пайдалануудан соолуп калган.