«Клооп» студенттер жана журналисттик кесипке жаңыдан аттанып жаткандар үчүн бир апталык медиамектеп уюштурат. Окутуу аяктагандан кийин мектептин катышуучулары бир ай бою иш жүзүндө тажрыйба топтошот.

Эмнелерди үйрөтөбүз?

Биз сизге журналистиканын негиздерин — жаңылыктарды, окуяларды жазганды, макала жана видео үчүн темаларды, каармандарды тапканды, ошондой эле мамлекеттик органдар менен кантип кызматташса болорун үйрөтөбүз.

Сайт жана соцтүйүндөргө сүрөт жана видеоконтент даярдаганды үйрөтөбүз. Соцтүйүндөрдөгү контентке өзгөчө көңүл бурабыз — Инстаграм жана ТикТокту нөлдөн баштап иштеткенди, катталуучуларды көбөйтүүнүн сырларын айтып беребиз.

Фактчекингдин базалык ыкмаларын өздөштүрөсүз. Азыркы заманда фактчекинг боюнча билим журналисттерге эле эмес, окурмандарга да керек. Кээде факты менен манипуляцияны ажырата албай калган учурлар болот — биз керектеп жаткан маалыматты текшергенди үйрөтөбүз.

Мындан тышкары, мектептин алкагында физикалык жана санарип коопсуздукту сактоонун эрежелерин көрсөтүп беребиз — жаңы реалдуулукта бул журналист үчүн зарыл билим болуп эсептелет.

Мектепте кимдер тренинг өтөт?

Медиамектепте тренингдерди «Клооптун» учурдагы кызматкерлери берет.

Айдай Токоева — «Клооптун» башкы редакторунун кыргыз тилдүү контент боюнча орун басары.

Айдай Токоева — «Клооптун» башкы редакторунун кыргыз тилдүү контент боюнча орун басары. Ал 2011-жылы «Клооптун» медиамектебин бүтүрүп, жаңылык журналистикасы менен видео жасоону да өздөштүргөн.

Айдай журналистиканын эл аралык стандарттары, жаңылыктын структурасы, окурмандардын муктаждыктары жөнүндө айтып берет.

Зулайка Эркимбаева — иликтөөчү журналист, фактчекер.

Зулайка Эркимбаева — иликтөөчү журналист, «Клооптун» фактчекери. Internews’тун журналисттик иликтөөлөрдү колдоо боюнча TRACK долбооруна катышкан.

Зулайка маалыматты табып, аны чындыкка текшерүүнү, маалыматты же адамды фотография аркылуу издөөнү (мисалы, Жапаровдун курткасынын баасын), жерлерди издеп, карталар жана ачык маалыматтык базалар менен иштөөнү үйрөтөт.

Найзабек Мукамбетов — журналист, документалдуу фотограф.

Найзабек Мукамбетов — «Клооптун» журналисти, документалдуу фотограф. Internews’тун кинематографияны колдоо боюнча долбоорунун катышуучусу, кыска метраждуу «Акыркы эмгек» көркөм тасмасынын режиссёру. «Медиа Жаса» долбоорунун алкагында даярдалган «Жол» аталышындагы фото долбоордун автору.

Найзабек сүрөткө тартуунун негизги эрежелери, документалдуу сүрөт баяндын негиздери, видеого тартуунун жол-жобосу жана уюлдук телефонго сүрөт жана видео тартуунун сырлары тууралуу сөз кылат.

Александр Александров — оператор-монтажер.

Александр Александров — «Клооптун» оператор-монтажеру, анын видеосу 800дөн ашык материал катышкан Борбордук Азиялык «MediaCamp Award» сынагында 2-орун ээлеген.

Александр «Клооп» колдонгон видео форматтар жөнүндө айтып берип, алардын эмнеге натыйжалуу экенин мисалдар менен көрсөтөт.

Зара Садыгалиева — «Клооптун» СММ бөлүмүнүн башчысы.

Зара Садыгалиева — «Клооптун» СММ бөлүмүнүн башчысы. Анын ТикТоктогу видеолору миллиондоп көрүлөт, ал эми Инстаграм үчүн жасаган карточкалары кеңири тарайт.

Заранын эмгеги менен «Клооптун» аудиториясы бир нече эсеге өстү. Мындан сырткары ал School Cabar’дын соцтармактардагы марафонунда жеңүүчү болгон.

Зара соцтармактардын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, журналисттик иликтөөдөн кызыктуу ТикТокту жасоону жана материалдан эң маанилүү маалыматты алып аны карточкага ылайыктоону үйрөтөт.

Мектеп качан башталат?

Бардык теориялык модулдар 12-декабрдан 16-декабрга чейин Бишкек шаарында өтөт. Андан кийин мектептип экинчи, практикалык бөлүгү башталат. Катышуучулар 19-декабрдан тартып 19-январга чейин алган билимдерин иш жүзүндө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алат.

Медиа мектепке катышуу толук акысыз. Окутуу кыргыз тилинде өтүлөт. Аймактардан келип катышууну калагандардын турак жай, жол кире, тамак-аш жана башка чыгымдары төлөнбөйт.