«Гумжардам тегиз берилбей жатат». Лейлектин тургундары президентке кайрылуу жолдоду

Сүрөт: Видеодон скриншот

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн тургундары кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыр тарткандарга делген гуманитардык жардам «толук жетпей, орто жолдо жок болуп кетип» жатканын айтып президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Тургундар курулуш иштерине деп бөлүнгөн цемент жана жыгач тегиз берилбегенин белгилеп, буга айылдык кеңештин депутаттары жана төрагасы Шайырбек Орозалиев себепкер экенин айтышты.

«Баткен облусунда мыйзам деген нерсенин жыты да жок. Булар [депутаттар] өздөрүнүн кызыкчылыгына дайыма ушинтип гуманитардык жардамдарды колдонуп жүрүшөт. Угушубузча 100 тонна цемент, 100 тонна жыгач келген. Аны да [Орозалиев] өзүнүн пайдасына, бирөөлөргө алып барып, “сатып бер” деп деген жерден күбөлөр бар», — деди тургундардын бири.

Ал эми Боркош Мавлянов аттуу тургун «Клоопко» маек куруп, Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Алайбек Кудайбердиев менен төрага Шайырбек Орозалиев гуманитардык жардамга байланышкан «отчёт иштерин бурмалап» айтып берди.

«Ушуну менен үчүнчү жолу нааразы болуп чыгып атабыз. Мурда дагы 600гө жакын эл чогулуп чыккан. Анан алар отчёт берген. Бирок ошол каражатка сатып алдык деген “КамАЗ” эски, баасы 350-400 миң сом турат. Аны “800 миң 900 миңге алдык” дейт. Эл ишенбейт. Комиссия жок, документтери дагы такталган эмес. Өз билемдик менен жасап атышат. Андан кийинки келген гум жардамдардын дагы дайыны жок», — деди Мавлянов.

Мавлянов 18-ноябрда жергиликтүү депутаттар менен жыйын болуп, бирок анда маселе чечилбегенин кошумчалаган.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Ал эми Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов «Клоопко» 18-ноябрда Кулунду айыл өкмөтүндө жыйын болгонун, талаш маселе такталып, чечип алышканын айтты.

«Мен да [соцтармакка тараган] видеону көрдүм. Алар айткан акча өзүнчө берилген эки миллион сом экен, техника алыш үчүн. Ага эки “КамАЗ” алынган го. Ошол боюнча маселе болгон экен. Бирок кечээ такташып, маселени чечип алышыптыр. Бул видео 17-ноябрда чыгыптыр. Жума күнү депутаттар сессия өткөрүп, төрага акча боюнча элге отчёт бериптир. Ал эми жыгач, цемент боюнча маалымат туур эмес экен. Мен дагы тактадым. Алар 2021-жылы апрель айында келген. Анын отчётун дагы бериптир», — деди ал.

Бул маселе боюнча айылдык кеңештин депутаты Алайбек Кудайбердиев менен төрага Шайырбек Орозалиевге байланышып, жооп ала алган жокпуз.

Баткенге жардам

Кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрь айында болгон куралдуу кагылышууда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланган.

Министрлер кабинети куралдуу кагылыш учурунда курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасын берген. Жабыркаган жарандарга, ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасына жараша соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо 100дөн 200 миң сомго чейин төлөп берилет.

Баткендиктерге жардам үчүн атайын эсептер да ачылган. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 3-ноябрга карата ал эсепке 331 млн 367 миң сом чогулган. Анын 139 млн 552 миң сому коротулган. Каражат үйлөрү күйүп кеткен жабыркаган жарандарга бир жолу берилүүчү компенсация катары таратылган.