Бишкекте мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдаган шектүүлөр кармалды

Милиция кызматкерлери мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоого шектелген эки адамды кармашты. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 20-ноябрда шектүүлөр кызды уурдап, каршылык кылганына карабай Токмокту көздөй алып кетишкен. Тийиштүү арыз менен милицияга кыз өзү кайрылган.

Аталган факты боюнча «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Милиция 20 жана 24 жаштагы эки адамды кармады. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыз уурдоого шектүүлөр.

Аялдарды жана кыздарды уурдоо

Кыргызстанда кыз уурдоо коомчулукта көп жылдан бери талкууланып келе жаткан курч маселе. Көп учурда кыздар мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдалат.

Колдонуудагы Жазык кодексине ылайык, никеге туруу максатында адам уурдоо үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жашы жете элек баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине тургузуу үчүн уурдоо 7 жылдан 10 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазаланат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган. Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет.

Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

Алсак, 2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Тема боюнча:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!