Султанбаев Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу хромакейдин фонунда тартылбаганын айтты

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Kaktus.Media басылмасынын өлкө башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу хромакейдин фонунда тартылган, арткы фон үчүн Баткен шаарынын борборун тандап алган деген маалыматын төгүнгө чыгарды.

«Хромакей бар экенин бир нече фактор көрсөтүп турат: президенттин фигурасынын кесилген контурлары, жарыктын бир башкача түшүшү, тынымсыз желбиреп турган байрак», — деп жазышкан редакциядагылар.

Султанбаев Фейсбук барагында басылма маалыматты тактабай туруп, коомчулуктун «башын айлантып жатат» деп жазды.

«Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн. Бул силер тараптан коомчулукка, окурмандарыңарга болгон жоопкерчиликсиз мамиле», — деп жазды ал.

Султанбаевдин пикиринде, «Кыргызстан — сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып, атайылап адаштырып, жоопкерчиликти унутта калтырууда».

Президенттин куттуктоосу чындап эле Баткенде тартылганын далилдөө үчүн Султанбаев Жапаровдун кайрылуусу тартылып жаткан учурдагы видеону жарыялады. Басма сөз катчы президенттин куттуктоосу качан тартылганын тактаган жок.

«Ушундай калпты таратып, элдин башын айлантып, жоопкерчиликке тартылып баштаганда дароо "сөз эркиндигине басым" деп чыгасыздар. Же сөз эркиндиги деп эле жалган маалымат тарата берсе болобу? Ар бир ЖМКда маалыматтын чын-жалганын тактап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз сөз кылып жаткан басылма аны ойлонгон да эмес окшойт», — деп жазды ал.

Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу президенттин сайтына жарыяланган. Куттуктоодо президент Полот-хан, Молдо Нияз, Абдыкадыр Орозбеков жана Исхак Раззаковдун кичи мекенинде турганын айткан.