Бишкек: Митинг өткөрүүгө тыюу 31-мартка чейин узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюуну 31-мартка чейин узартты. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот 2022-жылдын 26-декабрдагы чечими менен Орусия элчилигинин, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Панфилов паркында, Жогорку Кеңештин, Президенттик администрациянын, Жогорку соттун жана УКМКнын алдында тынчтык митингдерин өткөрүүгө коюлган чектөөнү мыйзамдуу деп тапты.

Соттон бул чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жоктугун белгилешти. Калган башка митинг жана акциялар Максим Горький атындагы паркта өтүшү керек.

Биринчи жолу Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жана президенттик администрациянын имаратынын алдында тынчтык митингдерди өткөрүүгө тыюуну Биринчи май райондук соту 2022-жылдын мартында салган. Анда чектөө 2022-жылдын 11-мартынан тартып 11-апрелге чейин киргизилген.

Чектөөө Орусия элчилигинин алдында Орусиянын Украинадагы согушуна каршы жана Украинаны колдоо боюнча бир нече акция өткөндөн кийин болгон. Ошол эле учурда элчиликтин алдында Украинанын аймагына басып кирген Орусияны колдоо акциясы да өткөн болчу.

Кийин, 2022-жылдын апрелинде, Биринчи май райондук соту Бишкектин борборуна митингдерди өткөрүүгө тыюуну мыйзамдуу деп таап, аны ошол эле жылдын 1-сентябран чейин узарткан. Ал эми сентябрда болсо тыюуну 2022-жылдын 1-декабрына чейин узарткан.

Митингдерге тыюу салынганына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирүү жасап, соттун чечимин жөнсүз деп атаган. Ал бул чечим Конституцияга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилеген. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.