Журналисттер УТРКнын жаңы логотиби Ооганстандын телеканалынан уурдалганын аныкташты

«ПолитКлиниканын» журналисттери УТРКнын жаңы логотиби Ооганстандын 1TV каналынан уурдалганын аныкташты. Улуттук телерадиокорпорациясы 14-январда соцтармактардагы логосун алмаштырган. Буга чейин логотипте боз үйдүн сөлөкөтү болсо, ал 1 санына алмашкан.

УТРКнын мурдагы жана жаңы эн белгиси.

Алгач соцтармактын колдонуучулары логотип Орусиянын 1-каналыныкына окшош экенин айтып сынга алышкан. Мындан улам журналисттер логотипти плагиатка каршы текшерип көрүшкөн.

Жыйынтыгында ал Ооганстандын 1TV Kabul телеканалынын логотибинин дал өзү болуп чыккан — болгону кызыл түс көккө өзгөртүлгөн.

Мындан сырткары «ПолитКлиника» УТРКнын логотибиндеги толкун сымал абстракттуу фонду да интернеттен бекер көчүрүп алууга болорун аныктаган.

УТРКнын жаңы логосу жана ооган телеканалынын логосу.

УТРКдан эмне дешти?

Өткөн жылдын ноябрында улуттук телеканал логотипти өзгөртүү үчүн сынак жарыялаган. Анын жеңүүчүсүнө акчалай сыйлык берилери убадаланган болчу, бирок анын өлчөмү айтылган эмес.

Азырынча телеканал расмий билдирүү жасай элек, бирок анын өкүлү, журналист Чынар Капарова сынакка келип түшкөн эмгектер комиссия тарабынан жактырылбагандыктан логотипти иштеп чыгуу корпорациянын Дизайн жана эфир жасалгалоо студиясына тапшырылганын билдирди.

«Башында Мелис Орозалиев турган дизайнерлер тобу Улуттук Биринчи каналдын эн белгисин иштеп чыгып, коллегияга бир нече вариантты сунуштаган. Курамы 14 адамдан турган Коллегиялык кеңеш жана Көркөм кеңеш тарабынан азыр сунушталып жаткан логотип кабыл алынып, эфирге бериле баштаган. Белгилей кетүүчү жагдай, корпорациянын логотибин иштеп чыгууга УТРКнын Дизайн жана эфир жасалгалоо студиясы тартылгандыктан акча каражаты сарпталган эмес», — деди ал.

Ал телеканалдын эн белгиси эмне үчүн ооган телеканылыныкына окшошуп калганы териштирилерин жана логотип маселеси кайра караларын белгиледи.

Өлкөнүн башкы телеканалы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен «коомдуктан» «улуттукка» 2022-жылдын май айында өзгөргөн. УТРК мамлекеттик казынадан каржыланган телеканалдардын сап башында турат — 2007-жылдан тартып мамлекеттик маалымат каражаттарына бюджеттен 10,1 миллиард сом бөлүнгөн — анын 6,6 миллиард сому УТРКга туура келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот