Чүйдө бирге жашаган аялды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Чүй облустук милициясы 23-январь күнү 38 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип аны менен чогуу жашап жүргөн киши кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. Аял тез жардам келгенге чейин көз жумган. 36 жаштагы шектүү маркум менен спирт ичимдигин ичип олтуруп уруша кетип, ага бычак сайганын айтып берген.

Милициядан учурда «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталганын белгилешти. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бугай чейин, 2022-жылдын 25-декабрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 30 жаштагы аялдын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Камыштын арасынан агып өткөн суудан табылган аялдын өлүмүнө шектелип 23 жаштагы киши кармалган.

Автору Айзада Кубанычбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Мурдагы аялын «эс-учун жоготкончо» сабаган киши 3 жылга кесилди

Сокулук: Аялын өлтүрүүгө айыпталган киши 15 жылга кесилди