Талиева: Баткенде баласын сабоого шектелген аял жардамга муктаж, камакта кармаган болбойт

Депутат Камила Талиева 2-февралда парламент жыйынында Баткендин Кадамжай районунда баласын сабоого шектелип жаткан аял тууралуу комментарий берди. Эл өкүлү шектүү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөн, ага жардам көрсөткөндүн ордуна камакка алынды деп билдирди.

Депутаттын маалыматына ылайык, шектүү аял чек ара чырларынын биринде атасы менен бир тууган агасынан ажырап калган.

«Ал деген эне да. Оор психологиялык абалда болгондуктан баласын сабап салгандыр. Бирок аны камакка алып, балдарынан ажыратпоо керек [...] Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чекке аял мыйзамдын зомбулугуна кабылбашы керек. Жеңилирээк жазасын карап, коомчулук [ага] жардам бериши керек», — деди ал.

30-январда соцтүйүндөрдө аял баланы сабап жатканы тартылган видео тараган. Милициядан 27-январда Кадамжай районунун тургуну аялы кызын сабап салганын айтып арыз менен кайрылганын билдиришкен.

Арыз ээсинин айтымында, ал 2023-жылы аялы менен жашабай калган. Андан кийин аялы 5-январда экөөнүн ортосундагы 2 жашар кызын сабап жатканын видеого тартып WhatsApp аркылуу жиберген.

Милиция сотко чейинки тергөөнү баштап, балага соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизаларды дайындаган. Аталган факт боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми 31-январда шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, үй-бүлөнүн үч баласы «Кут Кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылганы белгилүү болгон. 1-февралда Баткен облусунун Кадамжай райондук соту аялды 2023-жылдын 1-мартына чейин камакка