ЖАМК абакта чукул медициналык жардамга муктаждар «жок экенин» билдирди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абакта кармалгандардын арасында чукул медициналык жардамга муктаждар жок деп билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 6-февралда «Азаттыкка» кабарлады.

«Буга чейин кандай дары ичип жүрүшсө, ошонусун уланта беришет. Тергөө абагына отуруп калды деп токтотпойбуз алардын дарылануусун. Ал эми өтө чукул, зарыл болуп жаткандарды текшертүүгө алып чыгабыз. Көбүнчө жеке клиникаларга барып текшерилишет. Андайлар азыр жок», — басма сөз катчы Элеонора Сабатарова.

Сабатарова «Клоопко» маалыматты тастыктап, кеп бир гана Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар тууралуу эмес, жалпы абактагылар боюнча болуп жатканын белгиледи.

Буга чейин Кемпир Абад иши боюнча кармалган активист Перизат Суранова аны ооруканага которууну суранып кайрадан кат жазган. Суранова абакта жаткандарга тандалма мамиле болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, саясий себептен улам ТИЗО-1де жаткандар өзгөчө дискриминацияга кабылышууда.

«Мага карата өзгөчө дисциплинардык, мындайча айтканда, ырайымсыз мамилени абактагы алгачкы күндөн тартып эле башыман өткөрдүм. Үч айдан бери ден соолугумдун күн сайын айдан ачык эле начарлап баратканына карабай өз убагында текшерилип, ооруканага жатып жана хирургиялык кийлигишүүгө макулдук ала албадым», — деп жазган ал.

Активист анализдерге ылайык, операцияга муктаж экенин белгилеген — себеби, патологиялык процесс анын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жараткан мүнөзгө ээ боло баштайт.

Суранова тиешелүү органдар аны ооруканага которууну «атайылап создуктуруп жатышат» деп эсептеген. Ал абакта диагнозу «аныкынан жакшыраак болгондор деле» ооруканага которулуп жатышканын кошумчалаган.

Ал эми 30-январда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп чыгып камалган активист жана саясатчылар абактагы 100 күнгө байланыштуу кат жолдошкон. Алар ден соолугу начарлагандарды ооруканага жаткырууну талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абадды коргоп камалгандар ден соолугу начарлагандарды ооруканага жаткырууну талап кылышты