Видео: «Чоң энени асырап алуу». Жакырчылыкта жашаган пенсионерлерге жардам берген фонд

Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 8 миң сомдун тегерегиндеги акчаны түзөт — бул акча азык-түлүк жана дары-дармектен ашпайт. «Бабушка Эдопшн» фонду бул маселени чечүүнүн үстүндө иштейт — фонд пенсионерлерге акчалай жана азык-түлүк жактан, ошондой эле тиричиликте жардамдашат.

Ар бир жаран фондго жардамын бере алат — ыктыярчы болуп, акча же азык-түлүк алып берип, ал түгүл улгайган адамдарды «чоң эне» же «чоң ата» кылып асырап алса болот. Демөөрчү болуу же колдоо көрсөтүү үчүн бул дарекке кайрылсаңыз болот: Babushka.adoption.