Өзгөндө 9 жашар кыз зордукталды — милиция шектүүнү издеп жатат

Өзгөн районунда 9 жашар кыздын ата-энеси кызынын зордукталганын айтып чыгышты — милиция шектүүнү издеп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, жабырлануучу кыздын ата-энеси милицияга 2023-жылдын 13-мартында арыз берген. Алдын ала маалымат боюнча, экспертиза кыздын жыныстык органы айрылганын аныктады.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан. Эгер зордук-зомбулукка күбө болсоңуз балдарга жардам бере турчу борборлорго кайрылсаңыз болот: 

Өспүрүмдөргө жардам берген борборлордун даректери:

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934

Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288

Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 436677

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212

Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.