*Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, концлагерлердин жаш туткундарына жана Ленинград блокадачыларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ардагерлерге акчаны президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев тапшырды.
«Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевди жана Ленинград блокадачысы Валентина Петкявиченаны Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле министр аларга эстелик белектерди тапшырды», – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Кыргызстанда 68 ардагер жашайт. Аларга ай сайын жети миң сомдон компенсация жана 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою төлөнүүчү президенттик стипендия төлөнөт.
*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.
Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.
1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок аутууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.