Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзам соцтүйүндөргө таасир эте албашын моюнга алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу фейктер жөнүндөгү мыйзам деп билгилүү «Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзам соцтүйүндөргө карата иштебей турганын моюндады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитетинин 16-майдагы жыйынында билдирди.

Депутат Исхак Масалиев мыйзамга түзөтүүлөрдү талкуулоо учурунда бөгөттөлгөнүнө карабай, анын ичинде соцтүйүндө ишин улантып жаткан «Азаттыктын» сайтын мисал келтирди.

Эсенгул уулу мамлекеттик органдар өлкө сыртында катталып, башка мыйзамарга баш ийген соцтүйүндөрдүн ишин чектей албашын айтып жооп берди. Ал Санарип өнүктүрүү министрлиги соттун чечими менен веб-сайттарды гана жаба аларын кошумчалады.

«Социалдык тармактарда иштеп атат. Алар башка мамлекеттин юрисдикциясында болуп, башка жакта орун алгандыктан, Кыргызстандын аймагында бөгөттөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок», — деди аткаминер.

Масалиев эгер мыйзам иштебе анда анын эмне кереги бар деген суроо салды.

«Жеке адам “шыбап”, “боктоп” жазса, эч нерсе кыла албайсыңар, туурабы?» — деген депутаттын суроосуна Эсенгул уулу «туура» деп жооп берди.

Фейктер тууралуу мыйзам

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августтунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, бийлик соттун чечими жок эле каалаган сайтын, фейк маалымат жарыяланган деп бөгөттөп коё алат.

Өлкөдө ЖМК жөнүндөгү мыйзам биринчи жолу 2022-жылдын августунда Res Publica басылмасына карата колдонулган. Бөгөттөө боюнча акыркы эң чуулгандуу учур «Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү болду. «Азаттык» үналгысынын сайты 2022-жылдын октябрда эки айга бөгөттөлгөн.

Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгон.

Бирок кийинчерээк сайт редакция буга себеп болгон видеоматериалды өчүрмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.