ТИМ: Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эмес

Тышкы иштер министрлиги «Крокус Сити Холлдогу» терактка байланыштуу кыргыз тектүү Алишер Касимовдун камакка алынышы боюнча комментарий берди.

Маалыматка ылайык, Касимов 2014-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгынан чыккан.

«Буга байланыштуу бул жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбейт», — деп айтылат билдирүүдө.