Маалыматка ылайык, 20-мартта кармалган Азербайжандык уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар делген 5 жаран Кыргызстанга өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, криминалдык идеологиясын жайылтуу, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландап келишкен.
Шектүүлөр 7-апрелде «Манас» аэропортунун аймагында Азербайжандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Атайын кызматтан өлкө жетекчилигине кол салууга камынган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Бакудан кармалып, Кыргызстанга алып келинген Райымбек Матраимов менен байланышы бар экендигин аныкташкан.