«Ал ортодо эңкейиште токтоп турган Hyundai Porter кичи жүк унаасы белгисиз себептерден улам ордуна жылып кетип, боз үйгө урунган. Унаа жылып кеткен учурда айдоочусу жок болгон, окуя кокустук катары сыпатталып жатат», — деп жазды «Кабар» агенттиги облустук милицияга таянып.
Милиция териштирүү жүрүп жатканын белгиледи.