Президент Сузактагы кырсыкка жергиликтүү бийликтин жетекчилерин күнөөлөдү

«Кечээ күнү Сузакта кырсык болду. Бул ошол ылдыйкы деңгээлдеги, райондун деңгээлиндеги адистердин, жеткечиликтин компетентсиздигинен. Ошол жерде 13 милиция кызматкери жүрүптүр, ички иштер башкармалыгынын район боюнча башчысы жүрөт. Коопсуздукту карап коюш керек эле да. Ошол укмуш кыйын кадр болгондо кырсыкты болтурмак эмес. Унааларды балдардын төбөсүнө алып барып тизип койбой, ылдый жагына коюш керек эле да», — деди президент.

2-майда үч миңдей мектеп окуучусу республикалык сынактын алкагында «Манас» айтуу иш-чарасына чогулган Катмы жайлоосунда Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы ондогон адамды сүзүп кеткен. Натыйжада 30га жакын бала жабыркап, анын ону Бишкекке жеткирилген. Учурда жалпы жабыркагандардын 19у ооруканада, төртөө реанимацияда жатат.