❗️Салтанаттын өлтүрүлүшү: Сот Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты

13-майдагы отурумда сот Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Судья экс-министр «өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кыйноо жана Нукенованы атайылап өлтүрүү» боюнча күнөөлүү деп табылганын түшүндүрдү.

Vlast.kz жазгандай, сот Бишимбаевдин аракетин коркунучтуу өнөкөт кылмыш катары тааныган. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

6-майда экс-министр сотто акыркы сөзүн айтты. Ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды, бирок атайылап өлтүрүү боюнча эмес. Бишимбаев Нукенова мас абалында агрессия көрсөткөнүн, мунун айынан уруш чыгып кеткенин айтууда. Бирок буга чейин интернетте Бишимбаевдин аялга мыкаачылык менен сокку урганы тартылган видеолор тараган.

Нукенованын өлүмү 2023-жылдын ноябрь айында белгилүү болгон. Бул иш боюнча Куандык Бишимбаев камакка алынган. Ишти кароо бир нече айга созулду.

Нукенованы колдоп көптөгөн шаарларда нааразылык акциялары өттү. Ал эми 15-апрелде Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамга кол койгон.