«Парктын аймагындагы объекттерди демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландаштырылган», — деп айтылат билдирүүдө.
12-апрелде калаа мэри Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгон. Шаар бийлиги паркка 43 гектар жерди кайтарып, мыйзамсыз курулган 100дөн ашуун объектти сүрдүрүү пландалып жатканын билдирген.
Кийин парктын аймагынан жер жана үй сатып алган бир нече жаран мүлктөрү сүрдүрүлүп калышы ыктымалдыгынан улам президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылышкан.