Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан эл аралык университетинин Медициналык факультетинин жатаканасына барды. Анда ал чет элдик студенттерден кечирим сурады.
«Кээ бир жеке адамдардын бул аракеттери биздин меймандостук маданиятка жана салтка эч кандай тиешеси жок. [...] Сиздердин ата-энеңиздер, жакындарыңыздар Кыргызстанда жашоо коопсуз экенин билиши керек, сиздердин бакубат жашооңуздар үчүн толук жоопкерчилик бийликте. Бир түндө болгон окуялар элибиздин сиздерге болгон мамилесин чагылдырбайт», — деди ал.
Байсалов укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтеп жатканын айтып, күнөөлүүлөрдүн баары сөзсүз жоопко тартыларын белгиледи.