Пакистандын 670 жараны Кыргызстандан мекенине кайтты

19-май күнү кечинде Исламабадда студенттерди алып келген атайын эки борт конду, ар биринде 180ден адам болгон. Ал арада дагы бир учак келип конору күтүлгөн. Мекенине Кыргызстандан 540 студент кайтып келиши керек. Жалпысынан өлкөдөн 670 адам чыгып кетти.

Пакистандын бийлиги чыгымдарды өзү көтөрдү. Исхак Дардын айтымында, Кыргызстанда 11 миң пакистандык студент окуйт жана мекенине кайтууну каалагандардын бардыгына жардам көрсөтүлөт.

Ошондой эле чиновник кыргыз бийлигине ишенүүгө чакырды. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри ага дүрбөлөңгө алдырууга негиз жоктугун жана тополоңго катышкандардын баары жоопкерчиликке тартылат деп бир нече жолу ишендиргенин белгиледи.