Өлкөдө уу коргошун жыйноого жана андан дары жасоого үч жылга тыюу салынды

Уу коргошун 2021-жылы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев элди аталган өсүмдүктүн тундурмасы менен COVID-19ду дарылоого үндөй баштаганда кеңири талкууга алынган.

Ысык-Көл тамырынын зыянсыз экенин далилдөө үчүн Бейшеналиев кайнатылган аконит тунмасын өзү уюштурган маалымат жыйында түз эфирде ичкен.