Маалыматка ылайык, курамга шайлоодо депутаттар Балбак Түлөбаев менен Гуля Кожокулованын талапкерлиги сунушталды. Ал эми Арсланбек Малиев аялзатын сыйлай турганын айтып, Кожокулованын пайдасына талапкерлигин алып койду.
Жашыруун добуш берүүдө Түлөбаев кеңештин курамына шайланып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин, өлкөнүн сот системасына болгон талаптардын баарын түшүнөбүз. Саясий бийликтин сот системасын реформа кылам деген ниетин да билебиз. Ошол талаптарды ишке ашырып, сот системасын реформалоого, саясий бийликке жана депутаттардын элге берген убадаларын аткарууга биз да салым кошобуз деген ниеттебиз,
— деди Түлөбаев.
Мыйзамга ылайык, сот адилеттиги кеңеши Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларды тандап, аларды кызматка сунуштайт.