Ош: Бетон заводго байланыштуу кармалган мэриянын эки кызматкери үй камагына чыкты

6-июнда кармалган Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкар Пайзиев жана Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев Ош шаардык сотунун чечими менен 31-июлга чейин үй камагына чыкты. Бул тууралуу шаардык сотко таянып «Азаттык» жазды.

Ош шаарында курулуп жаткан асфальт, бетон заводго байланыштуу кармалган Олжобаев менен Пайзиевге «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шумкар Пайзиев 2022-жылдын аягынан бери Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Мэрия кызматкерлерине козголгон иш боюнча комментарий бере элек.