‼ Кемпир-Абад иши: Прокурорлор абактагыларды 20 жылга эркинен ажыратууну сурады

10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад окуясы боюнча айыпталгандардын иши каралууда. Анда прокурорлор аталган иш боюнча камалган саясатчылар менен активисттерди күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен, 20 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» айыпталуучулардын бири, саясатчы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Жыйын жабык эшик артында өтүп жатат, азырынча толук маалымат бериле элек.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчыларды үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.