Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстанда уран жана торий казууга тыюу салган мыйзам долбоорун шашылыш түрдө жактырды

Парламенттин тиешелүү комитетинин мүчөлөрү 11-июндагы жыйынында уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди алып салууну экинчи жана үчүнчү окууда катары менен жактырды. Эми мыйзам долбоору 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков уран жана торийди казууга тыюунун алынышына каршы чыкты. Алар казыла баштаары менен радиациялык фон күчөйт деген кооптонуусун билдирди. Эл өкүлү Кыргызстанда бул тармакта керектүү адистер жок экенин да билдирди.

Буга жооп катары жаратылыш ресурстары министринин орун басары Медер Машиев торий менен уранды казып алуу менен аймактын экологиясы, тескерисинче, жакшырарын билдирди. Ал эми жыйынга катышкан эксперт Эсенжан Мусурманкулов Кыргызстандагы уран өндүрүү боюнча жалгыз адис экенин моюнга алды. Ошол эле учурда мыйзам кабыл алынса сырттан адистер тартыларын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун депутаттар Азизбек Турсунбаев, Марат Мураталиев, Алишер Козуев жана Замирбек Мамасадыков жактырды. Мирлан Самайкожо, Чыңгыз Айдарбеков жана Сейидбек Атамбаев каршы чыкты.

Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоо жана иштетүүгө киргизилген мораторийди алып салуу министрлер кабинети тарабынан сунушталганы февралдын аягында белгилүү болгон. Анда президент Садыр Жапаров бийлик Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү көздөп жатканын билдирген.