Талас: УКМК дээрлик 424 миң гектар аңчылык жерлерди мамлекетке кайтарды

Атайын кызмат аталган жер аянттары маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешеси бар адамдарга таандык экенин билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, «Натур Энерджи» компаниясынын директору Көлбаевдин адамы менен жакын мамиледе болгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Талас районунун үчтөн бирине барабар болгон аңчылык жерлер Экология министрлигинин Талас райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.