Оштогу Озгур айылында селден качкан элди жүктөп жаткан камаз жылып кетип, бир адамды тебелеп кетти. Ал жеринде каза тапканын Ош мэриясы билдирди.
19:30га карата алынган маалымат боюнча, Төлөйкөн айылындагы Араван — Ак-Буура каналына 7 автоунаа агып кеткен. Төлөйкөн айылында эс алып жүргөн 4 адам азырынча дайынсыз болууда.
Жалпы 134 үйдү сел каптап, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 автоунаа селден жабыркаган.
Селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштери жүргүзүлүп жатат.