ӨКМдин маалыматына ылайык, аялдын сөөгү 11:30да Ак-Буура дарыясынан, Ош шаарынын Катта-Терек аймагында (Өзбекстандын чек арасынан 500 метр аралыкта) табылган.
Учурда анын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат. ӨКМ кошумча маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Мурдараак сел агызып кеткен алты жаштагы кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагында табылып, «Достук» чек ара пункту аркылуу Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Учурда куткаруучулар дагы эки кызды жана бир аялды издөөнү улантууда.