Ош шаарындагы Versal ресторанында 15-июлда селге байланыштуу түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Маалыматка караганда, түлөөгө Акылбек Жапаров катышкан.
«Ушундай апааттардан, топон-суулардан кудай өзү сактасын деп ушул түлөөнү өткөрүүнү Садыр Нургожоевич туура көрүп, өзүнүн атынан өткөрүп жатат. Эми сиздерден биз сабырдуулукту суранат элек», — деди минкабдын төрагасы.
Оштогу сел 6 адамдын өмүрүн алды. Алардын бешөө сууга акса, 1 адамды куткаруу иштери жүрүп жатканда оор жүк ташуучу унаа тебелеп кетти.
Учурда сел агызган 4 адамдын — бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү табылды. Дагы бир аялды издөө уланып жатат.