Кыргызстан АӨБ менен мектептеги билим берүүнү реформалоо долбоору боюнча макулдашууларды ратификациялады

Тийиштүү мыйзамга 16-июлда президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин докумен Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Макулдашуулар мектептин жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен бардык предметтерди окутууну жакшыртууга багытталган.

Макулдашуулар менен өкмөттүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдарга КР билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык каражат бөлүп берүү каралат, ал боюнча бул жааттарда программалар ишке ашырылат:

- санариптик чөйрөнү, санариптик окутууну жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү өнүктүрүү;

- ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо;

- педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү жана педагогдордун кесиптик жана карьералык жактан өсүшүнүн натыйжалуу моделин ишке киргизүү;

- мектепти профилдештирүү, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү тармактарында.

Макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга 40 млн АКШ доллары (50%ы — гранттык негизде, калган 50%ы кредиттик негизде) өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүлөрү белгиленет.