Ысык-Көл: Бишкек шаарынын эки тургуну көлгө чөгүп каза болду

Image descriptionЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20 жана 21 жаштагы эки киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июль саат 11:00 чамасында болгон. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып алар таяке-жээн экенин жазды.