Ош мэриясы борбордук базарда Жарандык коргонуу боюнча комиссия ишин баштаганын билдирди.
Учурда комиссиянын мүчөлөрү соодагерлерге келтирилген чыгымдарды эсептөө иштерин жүргүзүп жатат.
Мэриядан борбордук базардын негизги өтмөктөрү сел ташкынынан тазаланып бүткөнүн белгилешти. Ошондой эле комиссия өз ишин аяктагандан кийин борбордук базар кайра ишке кирери айтылды.