Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 17-июлда Каракол-Ананьево-Балыкчы унаа жолунун 59-чакырымындагы Өрнөк айылында болгон.
Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй баратып артка бурулуп жатканда, артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган. Окуя болгон жерде 68 жаштагы айдоочу, анын жубайы жана небереси каза болуп, үч киши ооруканага түштү.
Окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалды. Териштирүү иштери уланууда.