Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти үч жактоочу акысыз алып барат

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти жактоочулар Атыр Абдрахматова, Эсения Рамазанова жана Назира Абдумуминова акысыз алып барышат. Бул тууралуу «Клоопко» Атыр Абдрахматова тастыктады.

Маалыматка ылайык, келишимге 20-июлда кол коюлду.

Reporter.kg басылмасы кудасы Наркул Абдуллаев адвокат болгондуктан Айтурган Маматкулованын үй-бүлөсү менен иштешүүгө бир да жактоочу макул болбой жатканын жазган.

Буга чейин Акыйкатчы институтунан 25 жаштагы аялдын өлүмү боюнча ишти акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алганын билдиришкен. 17-июлда Башкы прокуратурадан аялга карата «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, иш алардын көзөмөлүндө экенин белгилешкен.

Айтурган Маматкулова 7-июлга караган түнү Бишкектеги №4 ооруканада көз жумган. Маркумдун кайын журту ал «дары ичип алып, ооруканага түшкөнүн» айткан.

Ал эми Айтургандын энеси «кызым киши колдуу болгон, күйөө балам талуу жерге уруп койгон» деген пикирин билдирген. Жеңеси болсо Айтурган мурда да «күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып келгенин» айткан.