Маалыматты 22-июлда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова соцтармактагы барагында бөлүштү.
«Уулунун музыкалык карьеарсы тууралуу кыялданган Рахиманын трагедиялуу окуясын министр Алтынбек Максутов менен сүйлөшүп, маркумдун уулу Медердин жана инисинин келечегин талкууладык. Министр [...] бир туугандар Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында билим алат деп убада кылды»,
— деп жазды Молдокматова.
Ошондой эле, Молдокматова маркумдун үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен Медердин аткаруусундагы «Апа» жөнүндөгү ырга клип тарттырууну демилгелеген. Анын бет ачары 22-июлда «Кабар» агенттигинде болду. Ырды Медер өзү тандаган.
34 жаштагы Рахима Айкымбаеваны үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында күйөөсү «Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн». Ал үч баласын жалгыз тарбиялап келген. Алар азыр Рахиманын эжесинин колунда.