❗️Сүрөт: Кыргыз-Чек айылынын тургундарынын селден кийинки турмушу

Image description«Клооптун» журналисттери сел жүргөн айылдарды кыдырып, тургундардын үнүн угууда. 23-июлда алар Кыргыз-Чек айылында болушту.

Кабарчылар үйлөрү бузулуп, чатырларда күн кечирип жаткан тургундар менен маектешишти.

Ошто 14-июлдагы масштабдуу селден 5 адам каза тапкан, шаардын борбордук базарын суу каптап, бир катар айылдардагы үйлөр талкаланган.

Селден жабыркагандар менен минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жолуккан.

Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана үйлөрү толук талкаланган тургундарга 1 млн сомдон, бузулган үйлөрдүн ээлеринк 500 миң, ал эмм борбордук базардын соодагерлерине 100 миң сомдон компенсация берилмей болгон.

Ошондой эле сел алган борбордук базарды көчүрүү чечими кабыл алынган.

Сүрөттөр: Бекболсун Кайыпов, Айжамал Түгөлбай кызы/Kloop