❗️Кара-Суунун акими эч жакка кетпөө тил каты менен коё берилди

Image descriptionОш шаардык соту УКМК тарабынан кармалган Темирболот Абыкеевди башка жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Маалыматты 24-июлда «Клоопко» аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кара-Суунун акими «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталып жатканы белгилүү болду.

19-июлда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Оштогу селдин кесепеттери боюнча жыйында Кара-Суунун Жаңы-Арык айыл аймагында 1000 чек 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, эгер акимдин тиешеси болсо, ал дагы кармалышы керектигин айткан.

Темирболот Абыкеев Кара-Суунун акими болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Оштун Чоң-Алай районунун акими, Нарында айыл өкмөт башчысы болуп иштеген.