Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин жактоочусу УКМК тергөөчүсүн сотко берди

Бул тууралуу Карабаевдин жактоочу Акынбек Ногоев 25-июлда «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын тергөөчүсү Азат Султаналиев жактоочунун Карабаевдин иши боюнча экспертиза дайындоо өтүнүчүн мыйзам чектеген үч күндүк мөөнөттө карабай, жооп бербегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз жазган. Отурум 29-июлда болот.

Жоомарт Карабаевдин камактан жазган билдирүүсү 24-июлда анын фейсбуктагы барагына жарыяланган. Ал тергөөчү «өзүнүн кесиптик кызматтык милдеттерин так аткарбай жатканын» белгилеп, буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көңүл буруусун суранган.

Адвокат Ногоев фейсбукка чыккан билдирүү Карабаевге таандык экенин бышыктап, интернетке анын жакындары аркылуу жарыяланганын белгиледи.
Азырынча УКМК жана аталган тергөөчү комментарий бере элек.

Жактоочу Ногоев кошумчалагандай, Жоомарт Карабаев «телефон колдонуп, фейсбукка билдирүү жазып жатат» деген негизде жаза изоляторуна киргизилген. Бирок Карабаев жактоочуга телефон колдонбогонун билдирген.

«Эгер анын жанынан телефон табылса, бул атайын уюштурулган. Бүгүн да Жоомарт Карабаевдин фейсбук барагына жакындары анын билдирүүсүн жарыялады. Эгер ал жаза изоляторунда болсо, кантип фейсбукка кирмек эле?"— деди жактоочу.

УИАнын Мамлекет жана укук институтунун мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев 2-июлда УКМКга суракка чакыртылган — күбө катары. Бирок атайын кызматтын өкүлдөрү аны ошол эле күнү кармап, ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-августка чейин камакка алган. Ал фейсбуктагы посттору үчүн «массалык башаламандыктарга чакырыктар жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө» беренелери боюнча шектелип жатат. Карабаев постторунда УИАны жана бийликти сынга алган болчу.