Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилик, өкүлчүлүктөрүнө батир, кеңселер алып берилип жатканын айтып, бул казынага зыян алып келбей турганын билдирди.
«Ижарага алынган кеңселер, ижарага алып жашап жүрүшкөн батирлер казынага оорчулук келтирип келген. Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир. Эгерде тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак», — деди өлкө башчы.
Президент 30 өлкөдө элчилик, 11 өлкөдө консулдук, БУУда өкүлчүлүгү бар экенин, элчиликтерде аз дегенде 6-7 кызматкер иштээрин белгиледи.
«Чет өлкөдө буга чейин өзүбүздүн үч эле кеңсебиз бар экен. Бирөө Берлинде, өз убагында Апас Жумагулович демилгелеп сатып алып койгон экенбиз. Экинчиси Брюсселде, Чыңгыз Айтматов агабыздын демилгеси менен алыныптыр. Үчүнчүсү Москвада. Калган өлкөлөрдүн баарында ижарага алып олтурушат. Мындан ары ижара деген сөздү укпашыбыз керек. Эки жыл мурда бардык өкүлчүлүктөргө батирлерди, кеңселерди сатып бергиле деп министрликке буйрук бергем. Азыр иштер жүрүп жатат»,
– деди президент.