Уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылды

УКМКнын басма сөз кызматы 25-июнга чейин өлкөгө алып келинген тастыктоочу кагазы жок телефондорду каттоонун мөөнөтү узартылганын кабарлады.

Ага ылайык, буга чейин каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттерине эч кандай чектөө болбойт.

«Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында телефонду каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөм, анын ичинде кошумча нарк салыгы жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз сатуучуларга, импорттоочуларга жана ритейлерлерге жүктөлөт»,
— дешти атайын кызматтан.

Уюдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 25-июнда башталган. Салык кызматы мындай чара эсепке алынбаган, аткез жана уурдалган телефондорду пайдалануудан коргоо максатында жасалып жатканын билдирген.