❗️Вебкам-индустрия жана сойкулук криминализация болду

Image descriptionПрезидент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, вебкам-студияларды уюштуруу үчүн 100 миңден 200 миң сомго чейин айып же 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган (эгерде балдардын катышуусу болсо, 15 жылга чейин).

Вебкам-моделдердин өздөрүнө 10 миң сом айып салынат. Ошондой эле мыйзамда сойкулук менен алектенгендерге жоопкерчилик каралган. Эми секс-кызматкерлер 20 миң сомго айыпка жыгылат же 3 күндөн 7 күнгө чейин камалат.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, мыйзам «сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө максатында кабыл алынган».

Буга чейин журналисттер Бишкек жана Казакстандын Алматы шаары Борбор Азияда вебкам-студиялардын өнүгүү борборлоруна айланганын белгилешкен. 2021-жылы Кыргызстанда вебкам-студияларда 4 миңден 5 миңге чейин кыз иштери маалымдалган.