Ош: «Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө» шектелип милициянын майору жана лейтенанты кармалды

Image descriptionУКМКдан Ош облусунун Өзгөн районунан облустук милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын майору жана лейтенанты кармалганын билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар кыздарды коркутуп, мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңгизатын атайлап салууга мажбурлашкан. Кийин ал адамдарды мыйзамсыз кармап, акча талап кылуу максатында «Кылмыштардын бирдиктүү реестрине» каттабай, убактылуу ар кандай милиция бөлүмдөрүндө кармап турушкан.

Ошондой эле, шектүүлөрдү тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган эки таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланууда.